Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театры кезектеги сезонун "Айчүрөк" операсы менен ачты. 73-театралдык сезондун ачылышы кечээ, ишемби күнү өттү. Көрүүчүлөрдүн назарына Владимир Власов, Абдылас Малдыбаев жана Владимир Ференин "Айчүрөк" операсы сунушталды. Ал эми бүгүн Михаил Раухвергердин "Чолпон" балети коюлууда.
Октябрь айында театрда концерт, опера жана балеттерден тышкары Болот Миңжылкыев атындагы Эл аралык опера искусство фестивалы өтөт. (RK)