Нарындагы "Санта-Барбара" жатаканасы
Нарын шаарынын борборунда жайгашкан төрт кабаттуу үйдү нарындыктар "Санта-Барбара" деп атап коюшкан. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул үйдүн жашоочулары чыр-чатакка жакын.
Бул үйдө туулуп өскөн 13 жаштагы Талгат 4-кабатта жашайт. Ал сууну көчөдөн ташып келет. Анын "чоңойгондо заңгыраган чоң там салып, ата-энемди алып кетем" деген таттуу кыялы бар.
Узундугу алты метр, туурасы төрт метр болгон бир батирде он кишиге чейин жашагандар бар.
Ашкана, жатакана, конок үй, жуунучу бөлмө. Мунун баарын "Санта-Барбара" бир батирге батырган.
Айрымдар батирин ылайыктап экиге бөлүп алган. Оозгу бөлмөсү ашкана болсо, төркүсү жатуучу бөлмө.
Башында аз камсыз болгон үй-бүлө катары алган үйүн айрым тургундар кийин 100 миң сомго сатып жиберишкен. Кээ бири айына миң сомдон ижара акы төлөйт.
Төрт кабаттуу бул үйдүн бир кабатында 20дан ашык батир бар. Бардыгы эшиктеш кошуна болгондуктан, бир үй-бүлөдөй катышабыз дешет. Бул кадимки студенттик жатакананы элестетет.
Ар кимиси жашаган батирин гана ремонттоп турганы менен, подъезддин ичи көп жылдан бери ремонт көрбөгөнү байкалат. Тепкичтеринен көтөрүлүп келаткан киши жыгылып деле кетчүдөй.
Бөлмөгө батпай калган оокаттарын складдын жоктугунан сыртка чыгарып коюшат.
Эшик алдындагы балдардын ойноочу жайын өздөрүнүн демилгеси менен акча чогултуп жасап алышкан.
Конок келгенде казаны барлар сыртта тамак жасашат. Мындайда кошуналар ынтымакташып, бири-биринен жардамдарын аяшпайт.
"Санта-Барбаранын" тургундарынын басымдуу бөлүгү жаш үй-бүлөлөр.
4-кабатта жашагандар үчүн кир жуумай чоң көйгөй. Себеби сууну көчөдөн ташып келишип, жуулган кирин терезенин түбүнө жайыш керек.
"Санта-Барбаранын" дээрлик бардык тургундарынын чоң там алуу кыялы да, планы да бар. Алар бул үйдө убактылуу гана жашап жатканын айтышат.