Орусияда курулуштагы чет элдиктердин санын кыскартуу сунушталды

Орусиянын Эмгек министрлиги 2016-жылы курулуш тармагында иштеп жаткан чет элдиктердин санын кыскартуу сунушун киргизди. Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүктөрдүн саны жалпы кызматкерлердин 65 % ашпашы керек.

Орусияга Борбор Азиядан барып иштеп жаткан мигранттардын көпчүлүгү курулушта эмгектенишет.

Буга чейин тамеки жана спирт ичимдиктерин чыгарган компанияларда ушундай чектөө киргизилип, чет элдиктердин санын жалпы жумушчулардын 15% ашырбоо эрежеси киргизилген. (SE)