Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 12-сентябрдын кечинде Бишкектеги №3 балдар ооруканасына катуу сабалган эки жашар бала келип түшкөн. Учурда ал өзүнө келе албай, комада жатат. Дарыгерлер, баланын денесинде бир нече шишик бар экенин белгилешүүдө. Наристени апасы карап жатат. Ал баланы ким сабаганын айткан эмес.
Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы баланын сабалышы боюнча шектүү катары атасы кармалып, суралып жатканын билдирди. Ал наристенин кандай атасы экени азырынча белгисиз.
Ушундай эле учур январдын башында катталган. Катуу сабалып, зордукталган эки жаштагы Ибрагим оор абалда ооруканага түшкөн. Ал бир нече ай ооруканада өзүн билбей жаткан. (КЕ)