ЕБ Кыргызстандын биометрикалык маалыматтын негизинде шайлоо өткөрүүсүн колдойт

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан бүгүн 16-сентябрда Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариевдин кабыл алуусунда болду. Премьер жолугушууда Кыргызстан Европа биримдиги менен кызматтыштыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, алдыда өтө турган парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдыктар туурасында айтып, шайлоону ачык-айкын, мыйзамдын чегинде өткөрүү үчүн биометрикалык маалымат топтоо аркылуу шайлоочулардын тизмесин түзүлгөнүн билдирди.

Петер Буриан демократияны өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын жакшы демилгелерин, ошондой эле парламенттик шайлоону биометрикалык маалымат топтоонун негизинде өткөрүү аракетин колдоорун баса белгиледи. Ал шайлоону өткөрүү боюнча Кыргызстан тандап алган жол келечекте коңшу өлкөлөргө үлгү болушу керектигин билдирди. Мындан тышкары Буриан Европа биримдиги бир нече багыт боюнча, анын ичинде билим берүү, илим жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын кошумчалады

Евробиримдик Кыргызстандагы 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоону өткөрүүгө 10 миллион евро бөлгөн. (AzK)