Ысык-Көлдө суу кызматташтыгы боюнча эл аралык жыйын өтүүдө

Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттерден келген адистер катышып жаткан жыйында суу тармагындагы кыргыз-казак кызматташтыгы талкууланууда. Иш-чара Чу жана Талас дарыяларын пайдалануу боюнча өз ара келишимдин 15 жылдыгына арналган. Аталган документке Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрү 2000-жылдын январында кол коюшкан. Анда эки өлкөнү тең аралап өткөн дарыяларды эл аралык эрежелерге ылайык пайдалануу маселеси камтылган.

18-сентябрда соңуна чыга турган жыйынды БУУнун өнүгүү программасы менен Европа экономикалык комиссиясы биргеликте уюштурууда. Ага Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин тиешелүү министрликтери менен мекемелеринин, эл аралык уюмдардын 70ке чукул өкүлдөрү, Орусиянын “Русгидро” ишканасынын коопсуздук боюнча диагностикалык борборунун директору Владимир Щербин чакырылган. (NT)