Депутаттардын жеңилдиктерине каршы кыймыл түзүлдү

Укук коргоочулар, жарандык активисттер "Депутаттардын жеңилдиктерин жана ыйгарым укуктарын алып салуу үчүн" кыймылын түзгөнүн "Азаттыкка" "Коомдук иликтөө институту" уюмунун жетекчиси Рита Карасартова билдирди. Кыймыл шайлоого катышып жаткан партияларды декларацияга кол коюуга чакырат:

- Декларацияда шайлоодон жеңип чыккан партиялар бир ай ичинде "Жогорку Кеңештин депутаттарынын макамы" жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизип, баардык жеңилдиктерди алып салууга сөз берет. Кыймыл кызматтык автоунааны, үй, бейтапканалардагы атайын тейлөөнү жана жашоонун эң төмөнкү тиричилик чегинен он эседен ашпаган маянаны чектеп коюуну сунуштайт.

Карасартова шайлоодон утуп чыккан партиялар убадасын аткарбай, жеңилдиктерден баш тартпаса, кыймыл башка чараларды көрөөрүн маалымдады. Бирок, кандай чаралар экендигин аныкташкан жок.

Айрым партиялар үгүт иштеринде дагы депутаттардын жеңилдиктерин алып салууну убадалашууда. (JM)