Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматынын билдиришинче, кармалган жаран Корруцияга каршы күрөш агенттигинин кызматкерине аскер объектилерин куруудагы мыйзам бузуу фактыларын текшерүүнү токтотуу максатында 10 миң доллар пара сунуштаган.
11-сентябрда ишкананын башкы директору параны берип жаткан учурда колго түшүрүлгөн.
Факт боюнча Кылмыш кодексинин 314-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иш козголуп, кармалган жаран УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалды. Тергөө жүрүп жатат. (AzK)