Нарында 300 киши добуш бере албай калышы ыктымал

Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүндө болгон жыйында Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев билдирди. Анын айтуусунда, Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кужур айылында жашаган 300 киши шайлоо участкасынан 120 чакырым алыстыкта жашагандыктан шайлоого барууга кыйынчылык жаралат.

БШКнын Нарын облусундагы өкүлү Алмаз Аскаров мыйзам боюнча шайлоо күнүнө 5 күн убакыт калганга чейин белгиленген шайлоо участогуна арыз менен кайрылгандарга БШКнын көчмө үкөгү алып барыларын билдирди.

Аскаров убагында Кара-Кужур айылына шайлоо участогун ачууга шайлоочулардын саны жетпей калганын кошумчалады. (MiK)