Австралиянын өкмөт башчысы алмашып, Тони Эбботтун ордуна Малкольм Тернбулл кызматка киришет. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү оңчул Либералдар партиясы азыркы премьер Тони Эбботко каршы добуш бергенден соң жарыяланды.
Тернбулл – мультимиллионер, мурдагы банкир жана ишкер. Ал 14-сентябрь күнкү партиянын ичиндеги жабык шайлоодо 54 добуш алды. Эбботту 44 адам колдоду.
2013-жылы тышкы иштер министри Жули Бишоп Либералдар партиясынын лидеринин орунбасары болуп келгенден бери өкмөттүн жана Эбботтун абройу түшө баштаган.(SE)