Жалал-Абад: партиялар туура эмес малыматтар таратышууда

"Тизмеден өзүндү текшер" акциясын айрым партиялар өз кызыкчылыгына пайдаланып, шайлоочуларды тестирлөөгө катышпоого чакырып, муну бийлик добуш топтоо максатында уюштуруп жатканын ырасташууда. Мындай пикирин өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов 14-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди.

- Партиялар таратып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт, анткени Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасынан биринчи жолу биометриканын негизинде таза шайлоо өткөрүүнүн алдында турат,- деп билдирди Акматов.

Облус аймагында 418 шайлоо участкасы жайгашып, 476 миң шайлоочунун тизмеси такталган. Ал эми жарандардын 66,5 пайызы биометрикалык маалыматын тапшырган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт, ага катышууга 14 партия ат салышууда. (RsK)