Жалал-Абадда майып балдардын жаңы имараты бүттү

Шаарда жайгашкан балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мекеменин директору Дамира Алимжанова "Азаттыкка" билдирди.

1936-жылы салынган эски имаратты жаңылоону Кувейт Республикасынын "Ас-Салам" гуманитардык фонду каржылап, аны ишке ашырууга ЖК депутаты Жыргал Саматов көмөктөшкөн.

Курулушка аталган фонд тарабынан 12 млн. сом каржыланып, 5 ай аралыгында 500 чарчы метрлүү бир кабаттуу имарат салып берди. Фонд жакынкы күндөрү имарат ичин эмеректер менен да камсыздап бермекчи.

Майып балдар үйүндө 93 бала тарбияланып, аларга күнүнө мамлекет тарабынан тамак-ашына 110 сомдон бөлүнөт. (RsK)