Лавров: Сирияга курал-жарак жеткирүү улантыла берет

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Сирияга орусиялык курал-жарактарды жеткирүү буга чейин да болуп келген, азыр да ташылууда жана ал мындан ары да улантыла бермекчи. Бул тууралуу Орусиянын Биринчи каналындагы "Воскресное время" берүүсүндө тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Анын айтымында, курал-жарактар "сириялык аскерлерге аларды колдонууну окутуп-үйрөткөн орусиялык адистердин коштоосунда жеткирилип жатканы талашсыз”. Лавров Москва менен Дамасктын аскердик-техникалык кызматташтыгы терроризм менен күрөшүүгө багытталган деп кошумчалады.

Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары кечээ жакында Орусиянын эки учагы гуманитардык жүк жеткирип келгендигин кабарлаган. Орусиянын Коргоо министрлиги буга чейин качкындар лагери үчүн миң кишилик чатырдын шаймандары жөнөтүлгөнүн маалымдаган эле. Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер шаршембиде Сириядагы куралдуу жаңжалга Орусиянын аралашуусу жакшы эместигин эскерткен. АКШ да Кремлдин аракеттери аймактагы “зордук-зомбулуктун жана туруксуздуктун өсүшүнө алып келет" деп эсептейт.