Иерусалим: Ал-Акса мечитинде кагылышуу болду

Иерусалимде "Ал-Акса" мечитинде палестиналыктар менен Израил полициясы кагылыша кетти. "Jerusalem Post" гезитинин билдиришинче, башаламандыктын катышуучулары мечиттин ичине кирип алып полицияга таш ыргышкан. Окуя болгон жерге полициянын атайын бөлүгү жиберилди. Кийин Израилдин коомдук коопсуздук министри мечит ачык экенин жана тургундарды кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Бул окуянын алдында иудейлердин жаңы жыл майрамы белгиленгени жаткан. "Франс Пресс" окуяга байланыштуу бир нече адам кармалганын жазды.

Мындан бир нече күн мурда коомдук коопсуздук министри Моше Яалон израилдиктердин мечитке кирүүсүнө каршы чыккан эки мусулман тобунун ишмердүүлүгүнө тыюу салган. "Ал-Акса" мечити мусулмандар үчүн да, иудейлер үчүн да ыйык жер деп эсептелет. (КЕ)