Чек арада атылган октон кыргызстандык жараат алды

11-сентябрь күнү Баткендин Тажикстан менен чектеш Лейлек районунун Раззаков айылында тажикстандык чек арачы кыргызстандык жаранга ок чыгарган.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, ал чек ара линиясын бойлой, 10-15 метр Кыргызстан тарапта жүк ташуучу машина айдап бараткан. Айдоочу чек арачынын эскертүүсүнө баш ийген эмес. Ошол маалда ок атылып, кыргызстандык жаран жараат алды.

Ага алгачкы жардам көрсөтүлүп, Лейлек аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда абалы канааттандырарлык. Буга байланыштуу бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары жолукту. Кыргызстан тарап ок мыйзамсыз атылганын айтып, далил документтерди көрсөттү. Учурда тергөө жүрүүдө. (КЕ)