ТИМ: Жапонияда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Жапонияда суу ташкындын айынан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу бүгүн кыргыз Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Кечээ, 10-сентябрда Жапониянын түндүк-чыгышында табият кырсыгынан улам 100 миңден ашуун адам там-жайын таштап качты.

Ага чейин эки күндөн бери нөшөрлөп төккөн жамгырдын кесепетинен Кинугава дарыясы нугунан чыгып, Токионун түндүгүндөгү Жосо шаарын көздөй агылган.

Учурда 22 адамдын дайыны табылбай жатат. (RK)