Жогорку Нарын ГЭС курулушуна 1 миң 338 гектар жер бөлүнөт

Мындай чечим өкмөттүн 11-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды. Премьер-министр Темир Сариев ГЭСти курууга жер бөлүнбөй, долбоорду ишке ашыруу кечигип жатканын билдирди. Анын айтуусунда, дагы 420 гектар жер керек болушу мүмкүн.

-Курулуштун жери даяр болмоюнча акча которулбайт. Бул жылы ГЭСти тургузуу башталышы керек эле,- деди өкмөт башчы.

Жогорку Нарын ГЭС курулушу Орусиянын "РусГидро" ишканасы менен биргеликте жүргүзүлөт. Ага Кыргызстан жер бөлүп, Орусия каражат жагын камсыздайт. Курулушка алгач 554 гектар бөлүнгөн. (JM)