Тажикстанда генерал Назарзоданын төрт шериги өлтүрүлдү

Тажикстанда генерал Назарзоданын төрт шериги өлтүрүлүп, 17 киши кармалды. Күч кызматтары жүргүзүп жаткан атайын операциянын учурунда көп өлчөмдөгү курал-жарак да табылган. Операция Дүйшөмбү шаарынан 50 чакырым аралыктагы Рамит капчыгайында 5-сентябрдан бери жүрүүдө.

Маалыматтарга караганда генерал Назарзода жүздөгөн шериктери менен капчыгайда жашынган. Рамит капчыгайы Тажикстандагы жарандык согуш учурунда "Ислам демократиялык оппозициясынын" негизги аскер базасы болуп туган.

Мурдагы талаа командири, коргоо министринин орун басары Абдулхалим Назарзода өткөн жумада Дүйшөмбү жана Вахдат шаарларында болгон куралдуу кол салууга тиешеси бар деп айыпталууда.