Орусия Украина менен чек арадагы Белгород облусунда чоң аскердик база кура баштады. Ройтерс агенттигинин маалымдашынча, Валуйки шаарынын ныптасындагы база 300 га жерди ээлеп, ага 3 500 жоокер жайгашат.
Коргоо министрлиги базада артиллериялык, зениттик-ракеталык жана автотранспорттук бөлүктөр үчүн жоокерлер машыктырылат, ошондой эле АКШ аскерлеринин согуштук тактикасы окутулат деп мерчемдөөдө.
Расмий Киев жана Батыш Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчилдерди аскердик-техникалык жактан көмөктөшүүдө деп сындап келет. Москва Украинага аскер жиберди деген кабарларды куру доомат эсептейт.