Турдакун Усубалиевдин тажиясын уюштурууга 1 млн. сом бөлүндү

1 млн сом Президенттик фонддон бөлүндү. Президенттик аппараттын маалыматы боюнча, мындай жардыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 7-сентябрда кол койду.

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жаш курагында оорудан улам кайтыш болду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда Бишкектеги Тарых музейинде өткөрүлөт. Өкмөт коштошуу жыйынын уюштуруу үчүн атайын комиссия түзгөн.

Турдакун Усубалиев Кыргызстанды 1961-жылдан 1985-жылга чейин, башкача айтканда, дээрлик чейрек кылым башкарып турган.(ZKo)