Нарын облустук прокуратурасы Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысына, райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнүн жетекчисине кымлмыш ишин козгоду. Алар бирөөнүн үйүн мыйзамсыз түрдө муниципалдык менчикке өткөргөн деп шектелүүдө.
Эки жетекчиге Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 350-беренеси (жасалма документ жасоо) менен кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратурадан кабарлашты. (SE)