Акун: ЖК рекламентти да, мыйзамды да одоно бузду

Бул тууралуу мурдагы укук коргоочу Турсунбек Акун Акыйкатчынын убагында шайланбай калышына байланыштуу билдирди.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин “жылдык отчету канааттандырарлык эмес” деген негизде Жогорку Кеңеш 25-июнда аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоткон. Мыйзам боюнча парламент бир ай ичинде талапкерлерди комитеттерде карап, шайлоо өткөрүшү керек болчу.

-Акыйкатчы шайлоодогу укук бузууларды карап, мониторинг жүргүзуш керек болчу. Административдик ресурс колдонуп жатабы, жокпу коомчулукка жеткирип турушу керек эле. Акыйкатчыны азырга чейин шайлабай депутаттар Жогорку Кеңештин регламентин, мыйзамды одоно бузууда, - деди Акун.

Бул кызматка барууну каалап, арыз бергендер арасында Акыйкатчы институтунун Нарындагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаев, жарандык активист, юрист Атыр Абдырахматова, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, Кыйноолорду алдын-алуу борборунун башчысы Бакыт Рысбеков, экс-министр Марат Кайыпов, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жана башкалар бар.

Мыйзам боюнча ар бир фракция үчтөн ашпаган талапкер сунуштай алат. Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин маалыматы боюнча, фракциялардын айрымдары талапкерлердин тизмесин толук берише элек.

Омбудсмен болгусу келген адам 30дан 65 жашка чейинки куракта, кыргыз жана орус тилдерин билиши керек.(КЕ)