Бүгүн “Ысык-Көл оюндары” эл аралык мелдеши башталат

Ысык-Көлдө бүгүн эл аралык “Ысык-Көл оюндары” мелдешинин XV юбилейлик айлампасы башталат. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, ага Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, АКШ, Латвия, Орусия, Германия, Өзбекстан жана Татарстандан чогулган 1000ге жакын спортчу катышары күтүлүүдө. Мелдештер “Каприз” эс алуу борборунда волейбол, жеңил атлетика, жээк футболу, самбо, үстөл тенниси, сууда сүзүү сыяктуу спорттун 15 түрүнөн ойнотулат.

Эл аралык мелдеш өткөрүүгө Дене тарбия жана спорт агенттигинин, демөөрчүлөрдүн эсебинен 3 миллион сомго жакын каражат коротулат.

Таймаштар 12-сентябрга чейин уланат.(SE)