Орусияда Беслан трагедиясынын курмандыктары эскерилүүдө

Түндүк Осетия. Беслан мектеби үч күндүк апааттан кийин. 4-сентябрь 2004-жыл.

Түндүк Осетиянын Беслан шаары 11 жыл мурдагы кандыбулоондун 11 жылдыгын эскерүүдө. Үч күндүк аза күтүү Бесландын бузулган №1-мектеби турган жайда коңгуроо кагуу менен башталды.

2004-жылы 1-сентябрда куралчандар тобу мектепке чабуул коюп, 1200дөй окуучуну, алардын ата-энелерин жана мугалимдерди барымтага алышкан.

Үч күндүк коогалаңда 334 адам, анын ичинде 186 окуучу өлгөн. Алардын көбү коопсуздук кызматтары адамдарды барымтадан бошотуу үчүн мектепке чабуул жасаган кезде набыт болушкан.

Быйыл 1-сентябрда кандуу апаатта кыйраган мектепке 3 миңден ашуун адам келип, 11 жыл мурдагы кандуу апаатты эскеришип гүл коюп, зиярат кылышты.

Түндүк Кавказ республикаларында быйыл да 1-сентябрда жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү.