Ооганстан президенти Ашраф Гани коррупцияга казат жарыялады

Президент Ашраф Гани коррупцияга каршы күрөшүүгө арналган конференцияда сүйлөдү. Кабыл, 1-сентябрь 2015

Ашраф Гани 1-сентябрда Кабылдагы коррупцияга каршы күрөшүүгө арналган жыйында сөз сүйлөп, жемсөөлүктү мамлекеттин жашап кетүүсүнө коркунуч туудурган “рак илдети” деп атады.

Имам-молдолорду динаятчыларды коррупцияга каршы күрөшүүгө чакырып, өкмөттүк контракттарды алуудагы паракорлук, жер басып алуу, мыйзамсыз апийим өстүрүү жана аткезчилик Ооганстанда чоң проблемага айланганын ырастады. Корруциянын тамырын курутуунун ачкычы билим берүүдө экенин президент Гани өзгөчө белгиледи.

Ашраф Гани бир жыл илгери мамлекет башчысы болуп шайланган.

Transparency International уюму Ооганстанды дүйнөдөгү эң коррупцияланган өлкөлөрдүн катарына кошкон. Ооганстан дүйнөдө эң көп апийим өндүргөн өлкө.