Баткен: Эгемендик майрамга Тажикстандан өкүлдөр катышты

Баткен облус борборундагы Кыргызстандын Эгемендик майрамына вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева катышып, чогулган элди салтанаттуу күнү менен куттуктады.

Майрамдык салтанатка Тажикстандын Исфара район жетекчилигинен өкүлдөр келип кыргызстандыктарды майрамы менен куттукташты, кошуна эки эл бири-биринин кубанычы менен кайгысын тең бөлүшөрүн, аймакта ынтымак-ырашкерлик бекем орносо гана өнүгүү болорун белгилешти. (JsA)