Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясына Асылбек Арапбаевди депутат кылып каттады. Бул тууралуу чечим 29-августта БШК жыйынында кабыл алынды. Ал мурунку депутат Абдулатип Режавалиевдин ордуна келди.
Мурда “Республика” партиясынан шайланып, кийинчерээк “Өнүгүү” деп аталган депутаттык топко кеткен Режавалиевдин ишмердиги кечээ токтотулган. (SE)