Таиланд полициясы эки жума мурун Бангкокто болгон жардырууга шектүү жаранды колго түшүрдү. Күч кызматкерлери ал жашаган үйдү тинтүүгө алган учурда бомба жасоого ылайыкташкан каражаттарды тапкан.
17-августта Бангкок борборунда, туристтер көп топтолгон храмдын жанында бомба жарылып, кеминде 20 адам мерт кеткен. 80 киши жараат алган эле. (SE)