Соң-Көлдө жаштардын республикалык форуму өтүп жатат

Өлкөнүн бардык дубандарынан келген жаштардын тобу Нарындын Соң-Көл жайлоосунда жаштар саясатынын стратегиясынын беш жылдык долбоорун талкуулашууда.

Форумдун негизги максаты - жаштарды улуттук баалуулуктарды баалоого жигердүү катыштыруу, каада-салттарды улантуу, демилгелерди жайылтуу жана стратегияны иш жүзүнө туруктуу ашыруу болуп саналат. Бул тууралуу форумдун уюштуруучусу, Нарын жаштар үйүнүн аткаруучу директору Жыргал Ражабов билдирди. Форум 28-августта башталган, эртең жыйынтыкталат. (MiK)