Быйыл 1-класска 107 миң бала барат

Быйыл Кыргызстанда 1-сентябрда 107 миң бала мектеп босогосун биринчи жолу аттайт. Билим берүү министрлиги маалымдагандай, суук түшкөнчө 66 жаңы мектеп ишке киргизилет.

Быйыл окуу китептерин чыгарууга 120 миллион сом жумшалды. Кыргыз тилдүү мектептерге 12 аталыштагы 607 853 нуска китеп басылып, жеткирилди.

Кыргызстанда 2200дөн ашуун орто мектеп бар, окуучулардын жалпы саны 1 миллиондон ашат.

Былтыр 1-класска 152 миң бала барган. (JM)