Киев эл аралык кредиторлор менен карызды реструктуризация боюнча келишимге жетишти.
Украинанын каржы министри Наталия Яресконун айтуусунда, 18 миллиард долларлык карыздын бир бөлүгү кечирилет, калган бөлүгүн төлөө 2019-жылга чейин узартылат. Министр макулдашуу Эл аралык валюта фондунун карыз программасындагы максаттарга толугу менен жооп берерин белгиледи.