Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Билим берүү кызматкеркерлинин үчүнчү курултайында билдирди.Бишкектеги улуттук филармонияда өтүп жаткан курултайда көтөрүлгөн негизги суроолордун бири маяна маселеси болду.
Кыргызстанда 2207 мектеп бар. Анда 16 195 мугалим эмгектенет.
Өкмөт 1-сентябрдан тарта мектепте иштегендердин айлыгын 50% көтөрүүнү пландоодо. Бул үчүн бюджеттен 2,2 млрд. сом бөлүнөрү кабарланган. (SE/AzK)