Атайын операцияга катышкандар “Эрдик” медалын алышты

Президент Алмазбек Атамбаев эки ай мурун Бишкекте атайын операция уюштуруп, террорчуларды жок кылууга катышкан УКМК кызматкерлерин “Эрдик” медалы менен сыйлады. Ошондой эле аларга Ардак грамота жана президенттик саат белек кылды.

Ушул жылдын 16-июлунда атайын кызмат Бишкектин эки жеринде террорчуларга каршы операция уюштурган. Анда төрт жоочу жок кылынып, жети адам террорчу деген шек менен камакка алынган. Операция учурунда беш үй толугу менен күйүп кеткен.

УКМК жанкечти деп шектелгендер тергөөнүн божомолунда 17-июлда – Бишкекте Орозо айт намазы окулуп жаткан учурда жана Канттагы Орусиянын авиабазасында жардыруу уюштурмай болгонун айтып чыккан. (SE)