Кытайдан улам баалуу кагаздар дүйнө боюнча арзандады

Бүгүн Нью-Йорк биржасында соода башталган кезде негизги Доу Жонс индекси 5% ылдыйлап кетти. Ушундай эле көрсөткүч күн бою Париж, Лондон, Франкфурт биржаларында да байкалды.

АКШ менен Европага чейин арзандоо Азиянын биржаларында орун алган эле.

Бээжиндин мамлекеттик пенсиялык кордун акчасын баалуу кагаздар базарына инвестициялоо чечимине карабай, Кытайдын өзүндө баалуу кагаздар базарынын негизги индекстери бүгүнкү соодада 8,5%дан төмөндөдү.

Инвесторлор дүйнөнүн экинчи ири экономикасынын өсүү ыргагынан тынчызданышууда.

Бул аралыкта дүйнөлүк базарда кара майдын арзандоосу уланууда. Бүгүнкү соодада америкалык мунайдын бир баррели 38, Brent үлгүсүндөгү мунайдыкы 43 долларга бааланды.

Бул - 2009-жылдын февралынан берки эң төмөнкү баа. (UE)