Орусия он миңден ашуун кыргызстандыкты "кара тизмеден" чыгарды

Орусиянын Федералдык миграция кызматы тарабынан 10 миң 500 кыргызстандык жаранга Орусияга кирүүгө жол ачылды, жакынкы айларда дагы 40 миңдей мекендешке Орусияга кирүү мүмкүнчүлүгү ачылары күтүлүүдө. Булар мурдагы убакта Федералдык миграция кызматы “кара тизмеге” киргизген жарандар.

Бул тууралуу 21-августта Кыргызстандын Москвадагы Элчилигинин кызматкерлери менен Орусиянын Федералдык миграция кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда маалым болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө миграция тармагындагы маанилүү суроолор ортого салынып, 19-июнда Санкт-Петербург шаарындагы президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановскийдин жолугушуусунда жетишилген келишимдердин ишке ашуу жолдору талкууланды.

Элчиликтин маалыматы боюнча, Санкт-Петербургдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2015-жылдын 10-июлунан 1-ноябрына чейин тоскоолдуксуз чыгып-кирүү жана миграциялык тарыхын жаңылап алуу мүмкүнчүлүгүн кыргызстандык 7626 мигрант пайдаланган. Буга байланыштуу элчилик мекендештерге кайрылып, Орусияда жүрүү мөөнөтүн бузган Кыргызстандын жарандары 2015-жылдын 1-ноябрына чейин тоскоолдуксуз кирип чыгуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып алуусун суранган.

2013-жыл ичинде Орусияга кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандары Федералдык миграция кызматынын сайтындагы бул дарек боюнча http://services.fms.gov.ru/info-service.htm?sid=3000) өздөрүн текшерип алышса болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева "Азаттыкка" билдирди.(ZKo)