Куала-Лумпурда Кыргызстандын эгемендик майрамы белгиленди

Куала-Лумпурдагы салтанаттан

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги эгемендик күнүнө карата Куала-Лумпур шаарында 22-августта салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Ага Малайзияда жашаган кыргызстандыктар менен кошо жергиликтүү ишкерлер, журналисттер катышты. Эки өлкөнүн ымаласын бекемдөөгө салым кошуп жаткандарга ыраазычылык каттары жана белектер тапшырылып, Кыргызстандан барган ырчылардын концерти сунушталды.