АКШ жараны маникюрдан ВИЧ жуктуруп алган

22 жаштагы аялга маникюрдан ВИЧ жуктурган деген диагноз коюлду.

Ал 11 жыл мурда өспүрүм кезинде аталаш бир тууганы менен чогуу маникюр жасап, аспаптары бир болгон.

АКШнын ооруларды көзөмөлдөө департаменинин маалымдоосу боюнча, ВИЧ ага маникюр учурунда жуккан. Эми аталган департамент ВИЧти мурда жыныстык катнаш, кан аркылуу жугат деп келсе, жугуу фактору катары маникюрдун аспаптарын да тизмеге расмий киргизгени турат. Бул тууралуу MedicalDaily басылмасы кабарлады. (BCh)