Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөдөн чыгуучу жана ага кошулуучу жолдордун курулушуна тендер жарыяланганы турат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов кабарлады.
“Мында көпүрөнүн оң-сол жагынан жандаган эки жол, андан сырткары Өзгөн жана Мажүрүм-Тал көчөлөрү кеңейтилип салынат”, - деди Ормонов.
Бул үчүн 66 млн. сом каралган. Жаңы жолдорду ачууга жолтоо болгон 29 жеке менчик курулуштардын 80% алынды. (YI)