ЕАЭСке кирген кыргызстандык унаалардан бажы алымы алынат

2014-жылдын 1-январына чейин Кыргызстанга кирген унаалар Евразия экономикалык биримдигинин товары катары эсептелип, бажы алымы алынбайт. Ал эми андан кийин кирген унаалардан биримдиктин алкагында бажы алымы алынат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын 1- орун басары Азамат Сулайманов билдирди.

“Биримдикке кирерде биздин ишкерлер аябай көп машине алып киришкен да, Казакстанга сатабыз деп. Казактар ушуну айтып, силердин арзан бажы алымы менен кирген арзан унаалар бизге келсе, автобазарыбызды коркунучка кептейт деп катуу турушту”,- деди Сулайманов.

ЕАЭСтеги Кыргызстандын өкүлү Данил Ибраевдин билдиришинче, мындай чектөө 2025-жылдын 1-январына чейин уланат. (МТо)