Бишкекте автордук тасмалардын фестивалы өтөт

23-27-август аралыгында автордук тасмалардын 5-фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан маалымдашты. Аталган фестивалда Орто Азиянын эң мыкты жаңы тасмалары көрсөтүлөт.

Фестивалга Британия, Германия, Франция, Түштүк Корея, Голландия сыяктуу өлкөлөрдөн белгилүү режиссерлор чакырылган. Салтанатуу иш-чара Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” толук метраждуу тасмасы менен ачылат. Аталган тасманын дүйнөлүк премьерасы июль айында Карловы Варыда өткөн кинофестивалында болгон.