Ат оюндары боюнча Орусияда өтүп жаткан мелдеште Кыргызстан улуттук курама командасы баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Турнир 14 - 17-августта Москвада өтүп, Орусия жана башка КМШ өлкөлөрүнөн келген командалар катышкан. “Тазалык жана күлүктүк” жарышы боюнча улуттук команданын капитаны Садыр Мамытов, Ринат Галимов "Конкур" боюнча мелдеште жеңишке жетишти.
Командалык мелдеште С. Мамытов менен Р. Галимов, К. Сабитов алтын медалга жетишти. Эл аралык мелдеште жеңген командалар кийинки баскычтагы мелдешке даярданып жатышат.