Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматкери Элмира Шерипова билдирди. Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында 13-августта башталган өрт дале өчө элек.
ӨКМ эсебинде, Бишкек-Ош жолунун боюндагы 55 гектарга жакын жерде кургак чөп жана бадалдар күйүп кетти. Өрттү өчүрүү аракеттери уланууда. Тилсиз жоону токтотууга 200 ашуун адам тартылган. Аба ырайынын ысыктыгынан өрттүн уланып кетүү коркунучу бар. (UEz)