Бул тууралуу муфтияттын аттестациялык комиссиясынын мүчөсү Улан Исаков билдирди. Анын айтуусунда, аймактык имамдарды электен өткөрүү учурунда алардын 60% жакыны Куранды так жана кырааты менен окуй алышпай тургандыгы аныкталган.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы имамдарга 150 суроодон турган сынак уюштурууда. Анын 100 - шариятка, 50 - жалпы билим деңгээлине, мамлекеттик мыйзамдарга тиешелүү. Мындан тышкары имамдардын өздүк иштери каралып, билими, соттолгон-соттолбогону, диний экстремисттик уюмдарга тиешеси бар-жогу текшерилет. Өлкө боюнча жалпысынан миңге жакын жума намазын окуган имам бар. (UEz)