Өзбекстанда согушкер деп шектелген аялдар издөөдө

Издөөгө алынган эки аялдын фотороботу.

Өзбекстан бийлиги Фергана өрөөнүндөгү шаар-кыштактарда коопсуздук чараларын күчөтүп, согушкер деп шектелген эки аялды издей баштады

Алар 17-август күнү Риштан районундагы эки үйгө бастырып киргени айтылууда. Кечетен бери районду тартип сакчылары курчап турат. Кыргызстан жана Тажикстан менен чек арадагы постторго кошумча күч жөнөтүлдү.

Согушкер-жанкечти экени болжолдонгон аялдардын фотороботу даярдалып, издөөгө алынды. Милициянын жарыясында эки аялдын тең белинде жардыргыч зат орнотулган кур бар экени, ошондой эле Ф-1 үлгүсүндөгү граната жана тапанча менен куралданганы жазылган. (SE)