“Кыргызстан” партиясындагылар Бишкектеги Улуттук филармонияда, “Өнүгүү” партиясы Тарых музейинде курултай өткөрүп, күздө боло турган парламенттик шайлоого карата талапкерлердин тизмесин жарыялашат.
Буга чейин “Ата Мекен”, “Бир Бол”, КСДП, “Ар-намыс” жана “Республика-Ата-Журт” партияларынын жыйындары болду. Шайлоого барууга арыз берген башка партиялар 20-августка чейин курултайга чогулуп, талапкерлердин тизмесин БШКга тапшырышы керек.
Парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. Ага катышууга 30дан ашуун партия аттанган. (SE)