​Иракта 11 министрлик жоюлду

Өкмөттү реформалоого чакырган демонстаранттар. Багдад, 14-август 2015

Ирактын премьер-министри Хайдар Абади коррупцияга жана башкаруудагы башаламандыктарга каршы күрөшүү программасынын алкагында 11 министрдин ордун кыскартты. Анын ичинде, премьер-министрдин үч орун басары, адам укуктарын коргоо жана аялдар иши боюнча министрликтер бар. Илим жана технология министрлиги жогорку билим берүү жана илимий изилдөөлөр министрлиги менен, саламаттыкты сактоо министрлиги жаратылышты коргоо министрлиги менен бириктирилди. Натыйжада, 33 министрликтин ордуна 22 министрлик калат.