Кыргызстандын мурдагы Башкы прокурору, азыркы парламентте "Ата-Журт" фракциясынан депутат болуп отурган Мыктыбек Абдылдаев быйылкы шайлоого "Бир Бол" партиясы менен барат. Ал тизмеден биринчи орунду алды.
«Бир Бол» партиясы бүгүн Бишкекте шайлоо алдындагы курултайын өткөрдү. Ага республиканын бардык аймактарынан 250дөй делегат катышты.
Талапкерлер тизмесинин алгачкы ондугуна Мыктыбек Абдылдаев, Алтынбек Сулайманов, Игорь Чудинов, Чолпон Жакупова, Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев, Жаныбек Бакчиев, Лунара Мамытова, Исхак Пирматов жана Жумалиев Кубанычбек кирди. (RK)