Чычкан капчыгайында үч күн мурда тутанган өрт өчө элек

Үч күндөн бери Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында тутанган өрт өчпөй жатат. Облустук өрткө каршы кызматтын башчысынын орун басары Канатбек Бекмурзаевдин "Азаттыкка" айтымында, капчыгайдын батыш тарабындагы тоо боорунда жалынды өчүрүүгө 150дөй адам аракет кылууда.

Жалын 100 гектар аянтты ээлеп, арасында арча, карагай жана бадалдар күйүп жатат.

- Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 55 жана жергиликтүү бийликтен 100дөн ашык адам тартылып, тоодогу жалынды өчүрүүгө аракет көрүүдөбүз. Бирок бүгүн өчүрөбүз деп айтууга эрте, - деди Канатбек Бекмурзаев.

Адистердин айтымында, өрттүн жайылышына кургакчылык себеп болууда. (RsK)