Темир Сариев Соң-Көлдө малчылар менен жолугушту

Темир Сариев

Соң-Көл жайлоосундагы премьер министр менен болгон жолугушууга онго чукул малчы катышты. Алар өкмөт башчыга малдын баасын кантип көтөрүү маселесин коюшту. Сариев болсо малдын өстүрүүдө сапат жагына көнүл буруу, адистер менен иштешүү зарылдыгын айтты. Ал уяң жүндүү койлордун санын көбөйтүү жолдорун иштеп чыгуу боюнча Айыл чарба министрине тапшырма берилгенин кошумчалады. Темир Сариев эртең Жогорку Нарын каскадынын курулуш иштери менен таанышат. (MiK)