Сыйлык өз ээлерин тапты
Фарух Махмудов, Герман Гмайнер атындагы УВК SOS мектебинин бүтүрүүчүсү хореограф болууну самайт.
Бермет Сапарбек кызы, Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү келечекте кыргыз тил мугалими болгусу келет.
Баш байге 25 миң сом, кенже класстардын мугалими болгусу келген Жаркынай Талантбек кызына ыйгарылды.
Баш байгенин жеңүүчүсү Жаркынай Талантбек кызы.
Агроном болуп, айыл чарбаны көтөргүсү келген Нурбакыт Шеримбеков 5 миң сом менен сыйланды.
"Азаттыктын" Бишкек бюросунун жетекчисинин орун басары Бурулкан Сарыгулова бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.
Келечекте спортчу болгусу келген, топту сүйгөн Бегимай Матенова баш байге 25 миң сомду утуп алды.
Жеңүүчүлөр жана "Азаттыктын" кызматкерлери менен.